Түркияны эч бир күч токтото албайт

Президент Эрдоган, Түркиянын өнүгүүсүн каалабаган айрым күчтөргө кайрылды.

933823
Түркияны эч бир күч токтото албайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, чоң жана күчтүү Түркиянын өсүп-өнүгүүсүн эч бир күчтүн токтото албай турганын айтты.

Президент, «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагын жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГге мүчө террористтерден тазалаганын баса белгилеген Эрдоган, 20-январда башталган операциянын алкагында ушул учурга чейин 3 миң 647 террористтин жок кылынганын белгиледи.

Түркиянын өнүгүүсүн каалабаган айрым чөйрөлөргө кайрылган Эрдоган: «Түркияны токтото албайсыңар. 2023-жылга карата максатына жетүүсүнө тоскоол боло албайсыңар. Чоң жана күчтүү Түркиянын курулуусун токтото албайсыңар. 2053-жыл жана 2071-жылга карата максаттарыбыздын жогорулашына бөгөт боло албайсыңар. Эми алга умтулабыз. Түрк улуту үстүндөгү кылымдык күлдөрдү силкип түшүрүп, байыркы цивилизациянын өнүгүү отун кайрадан тутандырды. Бул жолдо улутубуз менен бирге болгондор, улуу Түркияда ордун табат. Ал эми улутубузга каршы тургандар болсо тагдырына ыраазы болот»,-деп айтты.

«Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу АКШнын «Африн үчүн санааркап жатабыз» дегенин айткан Эрдоган: «Биз санаркоолорубузду билдиргенде сиз кайда элеңиз? Келгиле бул террордук уюмдарды тазалайлы дегенде кайда элеңер? Биз менен стратегиялык өнөктөш болсоң бизге урмат сый көрсөтөсүң, биз менен бирге басасың. Бизди алдоого аракет кылдыңар. Бул жерге (Сирия) 5 миң фура курал-жарак киргиздиңер. Биз сизден акчасын беребиз деп курал сурадык, бизге берген жоксуңар бирок террордук уюмдарга акысыз бердиңер»,-деп айтты.

Эрдоган: «Ошол ачылган туннелдер, туннелдердин ичиндеги курал-жарак сактоочу кампалар, ок-дары сакталган үйлөр. Булардын бардыгын жок кылуудабыз. Алар качып жатышат, биз кубалап атабыз. Ал ок-дарылар да биздин колубузга өтүүдө, өтө берет»,-деди.



Тектеш кабарлар