Түрк куралдуу күчтөрү бөлүшкөн фотосүрөттөр

Түрк куралдуу күчтөрү фотосүрөттөр менен жооп берди.

933490
Түрк куралдуу күчтөрү бөлүшкөн фотосүрөттөр
rakka, dogu guta.jpg
afrin.jpg
musul.jpg

Түрк куралдуу күчтөрү, Твиттер аркылуу түркчө жана англис тилинде бөлүшкөн билдирүүсү менен Афринде жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясы убагында жарандардын жана тарыхый имараттардын зыян тартканы жөнүндөгү айтымдарга жооп берди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Твиттер баракчасындагы бөлүшүүдө Сирия режими, террордук уюмдар жана айрым империалисттик күчтөр тарабынан жер менен жексен кылынган Халеб, Ракка жана Чыгыш Гута, Иракта да Мусул шаарына байланыштуу фотосүрөттөр менен бирге Африндин «Зайтун бутагы» операциясынан кийинки фотосүрөттөр орун алды.

Твиттерде айрыкча «Жарандар, күнөөсүз адамдар, айлана-чөйрө, тарыхый эстеликтер жана диний-маданий түзүлүштөр Түрк куралдуу күчтөрү үчүн кол тийилгис» деген билдирүү орун алды.

Түрк куралдуу күчтөрү бөлүшкөн фотосүрөттөрдө, АКШнын колдоосун алган жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГнин Раккада ДЕАШ менен күрөшүп жатканын шылтоо кылып кыргын салганы, Башар Асад режиминин Халеб жана Чыгыш Гутада жарандарды бутага алган кол салууларынан кийинки урандыга айланган имраттар, Иракта да Мусул шаарынын ДЕАШтан куткарылышы процессинде жер менен жексен болгон шаар ачык түрдө көрүнүп турат.

Буга жооп иретиндеги фотосүрөттөрдө, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн баштаган «Зайтун бутагы» операциясы убагында аймакта бир дагы жаранга зыян келтирилбеген шаарда кыйранды болбогондугу көрүнүп турат.



Тектеш кабарлар