АКШ менен сүйлөшүүлөр токтогон жок

Сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатат.

933649
АКШ менен сүйлөшүүлөр токтогон жок

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн токтобогонун, дагы деле уланып жатканын айтты.

Түркия Улуу Улуттук жыйынында АКШ менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалымат берген Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу: «АКШ менен сүйлөшүүлөр токтогон жок, уланып жатат. Алдыдагы күндөрдө кеңешчибиз АКШга барат»,-деп билдирди.

Министр Чавушоглунун 19-мартта жасай турган Вашингтонго сапары, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун кызматтан алынышынан кийин жоюлган болчу.

Чавушоглу Москвадагы бир университте берген маегинде, Түркия менен АКШнын ортосундагы байланыштардын үзүлгөнү турганын айтып, АКШнын Түркия менен нормалдуу диалог уланта алуусу үчүн жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГге курал жөнөтүүнү токтотушу керектигин сөз кылган эле.



Тектеш кабарлар