Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Зайтун бутагы" операциясы тууралуу жарыясы

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында бүгүндөн тарта ТКК жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) тарабынан Африн шаарынын борбору көзөмөлгө алынганы эске салынды.

932380
Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Зайтун бутагы" операциясы тууралуу жарыясы

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагына карай 20-январда баштаткан «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 46 аскер шейит болду, 225 аскер жаракат алды.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында бүгүндөн тарта ТКК жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) тарабынан Африн шаарынын борбору көзөмөлгө алынганы эске салынып, көзөмөлгө алынган аймактарда мина жана колго жасалган жарылуучу заттарды тазалоо иштери уланып жатканы билдирилди.

Кыймылдын алкагында террор уюмуна мүчө террористтер менен болгон ок атышууларда ушул убакка дейре 46 аскер шейит болуп, 225 аскер жаракат алганы белгиленген жарыяда, кыймыл башталгандан бери бардыгы 3603 террористтин жок кылынганы маалымдалды.

Пландалганы сыяктуу ийгиликтүү уланган «Зайтун бутагы» кыймылынын пландоо жана ишке ашырылышында бир гана террористтер жана буларга таандык баш калкалоочу жай, үй-жай, буктурма, курал сактоочу кампа, унаа жана шаймандар бутага алынганы баса белгиленип, жарандардын жана карапайым калктын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чаралар көрүлүп, өтө аяр мамиле кылынганы, тарыхый чыгармалар, диний/маданий түзүлүштөр жана мамлекеттик мекемелердин кескин түрдө Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бутасынын арасында көрсөтүлбөгөнү маалымдалды.

Анда айрыкча эл аралык укук жана келишимдер тарабынан тыюу салынган ок дарылардын колдонулбаганы белгиленип, мындай түрдөгү ок-дарынын ТККнын инвертарында жок экендигине көңүл бурулду.

Анда Афринде жашаган жарандардын коопсуздугу үчүн керектүү бардык чаралар көрүлгөнү билдирилди.



Тектеш кабарлар