Башкы штаб төрагалыгы Африндеги көрүнүштөрдү жарыялады

афринде көзөмөл камсыздалгандан кийин коопсуздук иш-чаралары башталды.

932227
Башкы штаб төрагалыгы Африндеги көрүнүштөрдү жарыялады

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) Сириядагы Африн шаарынын борборун туруштук берүүгө туш болбостон каратып алды.

ЭСА бөлүктөрү Түркия убактысы боюнча саат 5:00 чамалырында шаардын борборун курчаган фронтторунан чыгышты.

Орто эсеп менен бир сааттын ичинде алар чыгыш, батыш жана түндүк багыттарынан шаар борборуна кире башташты. Бул учурда террористтер көмгөн бир канча мина жарылды.

Илгерилеген ТКК жана ЭСА бөлүктөрү биринчи этапта Эшрефие, Махмудие жана Жемилие маалалары менен бажы жана электр энергиясын таратуучу имараттарды колго алышты.

Туруштук берүүчү ок атууларга туш болбогон ЭСА жана ТКК бөлүктөрү, 8:30 чамаларында борбордун көзөмөлүн камсыздашты.

Көзөмөл камсыздалгандан кийин коопсуздук иш-чаралары башталды.

ТКК жана ЭСАнын адистери мина жана колго жасалган жарылуучу заттарды зыянсыздашытрууда.

Жарандарды зыянга учуратпаш үчүн абдан аяр мамиле кылынууда.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында, «Африн шаарынын борбору көзөмөлгө алынды. Мина жана жарылуучу заттарды изилдөө иштери уланып жатат»,-делди.

ТКК жана ЭСа күчтөрү көзөмөлдү камсыздаган Африн шаарынын борборуна Түркиянын желеги илинди.

Африндин борборунда көзөмөл камсыздалгандан кийин алгачкы көрүнүштөр Башкы штаб тарабынан бөлүшүлдү.

Көрүнүштөрдө Түркиянын желегин ачкан Мехметчик, «Түрк куралдуу күчтөрүнүн 18-Март Шейиттер күнүндө бүтүндөй түрк улутуна жана бардык шейиттерибизге белеги»,-деп айтты.

Террор уюму ЙПГ/ПККнын басып алуусунан кутулган Афринде жарандар коопсуздук күчтөрүнө алкоолорун айтышты.

Бул учурда шаардын борборунан чыгып кеткен террористтердин айрым имараттарды жана унааларды өрттөп жиберип, оор чыгымга учураткандары көрүндү.

Райондо жана элет жерлерде издөө иштерин баштаган Мехметчик жана ЭСА күчтөрү, террор уюму ЙПГ/ПККны символдогон чүпөрөк менен сүрөттөрдү жок кылды.

Имараттарды бир-бирден иликтеген коопсуздук күчтөрү, террористтердин жарандардын арасына кирүү ыктымалдуулугуна карата этияттык иштерин жүргүзүүдө.

ТКК жана ЭСА, Африндеги Мабатлы район борборун да террористтерден тазалады. Бардык район борборлору көмөмөлгө алынды.



Тектеш кабарлар