АКШ террордук уюмдар менен бирге Манбиж аймагынан чыгып кетсин

Президент Эрдоган: «Террордук уюмдар менен бирге Манбиж аймагынан чыгып кеткиле».

931557
АКШ террордук уюмдар менен бирге Манбиж аймагынан чыгып кетсин

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка күчтөрүнүн террордук уюмдар менен бирге Сириянын Манбиж аймагынан чыгып кетишин талап кылды.

Эрдоган Эрзурумдагы сөз сүйлөөсүндө, АКШдан Манбиж темасында буга чейин кызматташтык сунушу да келгенин эске салып: «АКШ башкаруучулугунда тынымсыз өзгөрүүлөр болгондуктан жаңы топтун кандай саясат жүргүзөөрүн билбейбиз. АКШ эмне үчүн Манбижде? ДЕАШты кубалаш үчүн. Учурда ал жерде ДЕАШ жок. ЙПГ чыктыбы? Үч айдын ичинде чыгарабыз дешти. Чыгышкан жок. Буларды Евфрат дарыясынын чыгышына сүрүп чыгарышкан жок. Биз алаксытууларды кабыл албайбыз. Ал жердин ээси арабдар. Тим коелу алар келсин, кирсин. Ушуну айттык. Биз ал жерлерди басып алуу үчүн эмес, сириялык туугандарыбызга ишенимдүү келечек камсыздоолоруна жардам берүү үчүн бардык. АКШ, террордук уюмдар менен бирге Манбижди бошотсо бул ишти дагы оңой ишке ашырабыз. Кудай буюрса Манбиждеги туугандарыбызды көпкө күттүрбөйбүз. Биз ал террористтерди басып алган жерлерден сөзсүз чыгарабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар