«Зайтун бутагы» операциясы

«Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3524кө жетти.

930070
«Зайтун бутагы» операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3524кө жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат.

Билдирүүдө операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 3524кө жеткени маалымдалды.

Бул учурда Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Афринде дагы 15 айыл жана бир стратегиялык дөбөнү террористтерден тазалашты.

Операция башталгандан бери 203ү айыл, 39у стратегиялык жер болуп жалпы 242 аймак көзөмөлгө алынды.



Тектеш кабарлар