Түркия Астана жыйыны тууралуу маалымат берди

Астана платформасынын кепилдери Түркия, Орусия федерациясы жана Ирандын тышкы иштер министрлери Казакстандын жетекчилигинде 16 -  мартта жолугушат.

930695
Түркия Астана жыйыны тууралуу маалымат берди

Түркия эртең Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлө турган Түркия, Орусия жана Иран тышкы иштер министрлеринин жыйыны тууралуу : «Жыйында Сирия келишпестигин чечүү процессин ылдамдатуу максатында алдыбыздагы мезгилде бирдикте таштала турган кадамдар каралат»,- деп билдирилди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Сирияда келишпестиктердин азайтылышы жана саясий процесстин алдын ачуу максатында башталган Астана платформасынын кепилдери Түркия, Орусия федерациясы жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин Казакстандын жетекчилигинде 16 -  мартта Астанада жолугушары белгиленди.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен бирдикте жыйынга катышуу үчүн Астанага барары билдирилген маалыматта : «Жыйында Астана жыйындарынын биринчи жылындагы кызматташтык менен абалдарга баа берилет, Сирия келишпестигин чечүү процессин ылдамдатуу максатында алдыбыздагы мезгилде бирдикте таштала турган кадамдарга токтолушат»,- деп билдирилди. Жыйында президент Р. Т. Эрдогандын үй ээлигинде Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын мамлекет башчысы Хасан Руханинин катышуусу менен 4 -  апрелде Стамбулда өткөрүлө турган үч тараптуу саммиттин даярдыктарынын да каралары белгиленди.



Тектеш кабарлар