Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак оепарциясы

Операцияда 8 бута жардырылды.

930138
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак оепарциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакрук жана Зап аймактарына кечээ жүргүзүлгөн аба операциясында террористтерге таандык 8 бута жардырылды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка ылайык Ирактын түндүгүндө террордук уюмга таандык буталардын көзөмөлгө алынышы улантылууда. Ушунун негизинде Хакрук жана Зап аймактарында чалгындоо жана байкоо каражаттары менен пункт, база аймактары менен аймакта кызмат кылган бөлүктөргө кол салуу үчүн даярданып жаткандары аныкталган террористтерге карата абадан операция жүргүзүлдү.

Террористтер тарабынан баш калкалоочу жер, курал буктурмалары катары колдонулган 8 бутаны жардырган аскердик учактар коопсуз түрдө базаларына кайтышты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар