Батыш өлкөлөрү ДЕАШты эрте жойгондугу үчүн өкүнүүдө

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, Гиресун университетинде «Улуттук күрөштө улуттук коргонуу» жыйналышына катышып, сөз сүйлөдү.

927086
Батыш өлкөлөрү ДЕАШты эрте жойгондугу үчүн өкүнүүдө

Батыш өлкөлөрү көзүр катары колдонушкан террор уюму ДЕАШты эрте жоюунун өкүнүчүн башынан өткөрүшүүдө...

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, Гиресун университетинде «Улуттук күрөштө улуттук коргоо» жыйналышына катышты.

Бул жердеги сөзүндө Жаниклинин күн тартибинде террор менен күрөшүүдө кош стандарттуулукту ишке ашырган Батыш өлкөлөрү бар эле.

Жаникли, «Батыш өлкөлөрү ушул убакта ДЕАШты эрте өлтүрүүнүн өкүнүчүн башынан өткөрүп жаткансыйт. Анткени ДЕАШ көзүр катары колдонулду»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн ДЕАШты инструмент катары колдонгондорун баса белгилеген Жаникли: «Эми болсо Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГга карай жүргүзүп жаткан операциябыз аларды ДЕАШ менен күрөшүүсүнөн алагды кылып жаткан имиш. Бул Батыш өлкөлөрү же Түркияга дос эмес, же болбосо террористтерге дос эмес, экөөнүн бирге достугу болбойт. Же террор уюму же болбосо Түркияга достукту жана чынчыл шериктештикти тандашы керек. Мунун ортосу болбойт экөөнөн бирөөнү тандоого мажбур»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар