Эрдоган, Чыгыш Гутада уланган адамзат кризисине чечүүчү жол таба албаган БУУга каршылык көрсөттү

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Межлисинде партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

924083
Эрдоган, Чыгыш Гутада уланган адамзат кризисине чечүүчү жол таба албаган БУУга каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда режимдин курчоосундагы Чыгыш Гутада уланган адамзат кризисине чечүүчү жол таба албаган БУУга каршылык көрсөтүп «Дүйнө жүзү 5тен чоң» сөзүн кайталады.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Межлисинде партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө 24-февраль ишемби күнү БУУнун коопсуздук кеңешинин Сирия тууралуу чыгарган ок атышпоо токтомунун ишке ашырыла албоосуна жана БУУнун коопсуздук кеңешинин Асад режиминин эл аралык жардамдарга бөгөт коюусуна үн катпай калышына каршылык көрсөттү.

Эрдоган: «Чыгыш Гутадагы абалдар адамзатка жарашабы? БУУнун коопсуздук кеңешинде токтом чыгарышууда, ушундай да токтом болобу? Ишке ашпаган токтомдун адамзат үчүн кандай мааниси бар? Сиз адамзатты алдап жатасыз. Биз «Дүйнө жүзү бештен чоң» сөзүн бекер айткан жокпуз»,-деди.

Түркиянын чек аранын ары жагындагы операцияларынын көп сандаган катмардын чыныгы жүзүн ортого чыгарганын баса белгилеген Эрдоган: «АКШда жашаган бирөө, мамлекетинин миңдеген чакырым ары жакта жүргүзгөн операциясын өзүнүн коопсуздугу катары көрүүдө. Түркия кыймылын баштаганда маңдайыбызга бапбашка көрүнүш чыгууда»,-деп айтты.

Эрдоган: «Түркиянын Афринде, Эл-Бабда, Сириянын чек араларын бойлой эмне кылгысы келгенин өлкөбүз жана досторубуз абдан жакшы билишет. Террордук уюмдардын аркасындагылар да муну жакшы билишет»,деген серебин салды.

Сириянын түндүгүндө террор түзүмдөрүнө уруксат бербей тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Өлкөбүздүн чек араларын бойлой курууга аракет кылган террор тилкесинин режим менен (Сирия) да чоң өлчөмдө макулдашылганына караганда жалгыз бир максаты болушу мүмкүн; ал да Түркия. Афринде каратып алган жерлердеги бардык буктурмалар, бардык тузактар, бардык куралдар тилекке каршы Түркияга багытталган»,-деди.

Европа өлкөлөрүнүн баш калкалоочуларга карата мамилелерин да сынга алган Эрдоган: «Европа өлкөлөрүнүн жээк коопсуздук бөлүктөрү баш калкалоочулардын кайыктарын тешип аларды деңизге, өлүмгө таштап жатканда, биз эч кандай шарт койбостон ар бир карапайым адамдын жанын куткарып калуу үчүн далбас уруудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар