«Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат

«Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 2777ге жетти.

922755
«Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 2777ге жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында бүгүн кургактыктан жана абадан операциялардын негизинде террордук уюмдар ПКК/КЖК/ЙПГ жана ДЕАШка мүчө дагы 109 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Ушундайча операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 2777ге жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди таасирсиз кылууга карай кургактыктан жана абадан операциялар уланып жатат.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Африндин түндүк-батышындагы Шеран аймагынын Белушанк, Алыжы жана Али Безанлы айылдарын террористтерден тазалашты.

Афринде ушул учурга чейин 104ү айыл болуп жалпы 136 стретегиялык жер, террордук уюм ПЙД/ПКК-ДЕАШтан куткарылды.

 



Тектеш кабарлар