Операция жүрүп жаткан аймактын жарымына жакыны көзөмөлгө алынды
Операция пландалгандай уланып жатат.
923297
Вице-премьер Бекир Боздаг, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагын террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШ террористтеринен тазалоо, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясында ал аймактын жарымына жакынынын көзөмөлгө алынганын белгиледи.
Боздаг, ушул учурга чейин 2 миң 795 террористтин жок кылынганын билдирди.
Вице-премьер Боздаг: «Зайтун бутагы операциясынын негизинде ушул күнгө чейин 112си айыл, 30у стратегиялык жер болуп жалпы 142 аймак көзөмөлгө алынды»,-деди.
Ошондой эле операциянын пландалгандай уланып жатканын, буга чейин бир дагы карапайым тургундун жабыр тартпаганын айтты.