Түркия АКШнын Сирия боюнча айтымдарына каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, АКШнын Мамлекетттик департаментинин басма сөз катчысынын Сириядагы адамзаттык абалга байланыштуу Түркияга шилтеме кылганы жөнүндөгү суроого жооп берди.

920251
Түркия АКШнын Сирия боюнча айтымдарына каршылык көрсөттү

Түркия, АКШнын «Сирияда гуманитардык ок атышпоо токтомунун» багытталган жерин түшүнө албаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, АКШнын Мамлекетттик департаментинин басма сөз катчысынын Сириядагы адамзаттык абалга байланыштуу 2401 номердүү БУУнун коопсуздук кеңешинин токтому боюнча Түркияга шилтеме кылганы жөнүндөгү суроого жооп берди.

Аксой, ишемби күнү чыгарылган токтомдун багытталуу жеринин, режимдин бир жуманын ичинде жүздөгөн жарандын кыргынга учуратылышынан жана оорукана, мектеп сыяктуу жарандык комплекстерди кыйроого учураткан кол салуулардын токтотулушунан, айрыкча ошондой эле режим ишке ашырган курчоо саясатынын ачкачылыкка камаган кишилерге гуманитардык жардамдын жеткирилүүсүнүн камсыздалышынан турганын баса белгиледи.

«Токтом, Чыгыш Гута баш болгон Сирияда начарлап кеткен адамзаттык абалга карата шашылыш гуманитардык жардам жеткирилишине жана медициналык максаттуу эвакуацияларга мүмкүнчүлүк берилиши максаты менен ок атышуулардын кечиктирилбестен токтотулушу жана эң аз 30 күндүк мөөнөткө  гуманитардык ок атышпоо жарыя кылынышы талабын кылууда»,деген Хами Аксой: «Токтомдо шилтеме кылынган, адамзат абалынын санааркоону туудурган жерлердин арасында Африн айтылбайт. Ал эмес Афринде болуп жаткан, токтомдо айтылгандай түрдө жаран-террорист айырмасына карабаган салгылашуу эмес, Сириянын бүтүндүгүн жана Түркиянын улуттук коопсуздугун бутага алган террорист топторго каршы жүргүзүлгөн күрөш болуп саналат. Түркия, Сириядагы кагылышуулардын тараптарынан бирөө эмес. Түркия, Афринде жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясында БУУнун шартынын 51-беренесинин негизинде мыйзамдуу коргонуу укугун колдонууда»,-деп айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Хизер Науэрт, БУУнун коопсуздук кеңешинин ишемби күнү чыгарган 30 күндүк ок атышпоо токтомунун бүтүндөй Сирияны камтыганын айтып чыккан.



Тектеш кабарлар