Сирияда Идлибде отурукташуу жерлерине кол салуу жасалды
Идлибде отурукташуу жерлерине кечээ жасалган абадан кол салууларында 4 жаран каза болуп, 6 киши жараланды.
![Сирияда Идлибде отурукташуу жерлерине кол салуу жасалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5b5e/74c3/9240/5a9654de88481.jpg?time=1718905668)
Сирияда Башар Асад режиминин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир ай “адамзаттык ок атышпоо» чечимине карабастан Идлибде отурукташуу жерлерине кечээ жасалган абадан кол салууларында 4 жаран каза болуп, 6 киши жараланды.
Идлиб жарандык коргоо боюнча директору Мустафа Хаж Юсуф Идлиб келишпестиктерин азайтуу аймагынын ичинде орун алган Хан Шейхун районунан кечээ жасалган абадан кол салуусунда 3, Ел Хабит айылында да бир кишинин каза болгондугун айтты.
Идлибдин түштүк элетиндеги Ел Раффе жана Ум Халахил айылдары менен жана Хаманын элети да кечээ түшкү сааттарда абадан кол салууларга дуушар болду. Жиср еш Сугур районуна болсо артиллериялык кол салуу жасалган. Режим 25 – мартта да Жиср еш Сугур жана Кефер Зитаны бутага алган.
24 - февралда чыгарылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминде жалпы Сирияда гуманитардык жардамдардын ишенимдүү түрдө жеткирилиши жана абалы оор болгон оорулуу жана жаралуулардын аймактан чыгарылышы үчүн бардык тараптардан кечикпестен кагылышууларды эң аз 30 күнгө токтотуулары талап кылынган.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718905668)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.