Түркиянын талабы
Бекир Боздаг, менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу маалымат берди.
![Түркиянын талабы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/26ad/62cc/0614/5a93c561b37f8.jpg?time=1718937461)
Вице-премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнин мурунку теңтөрагасы Салих Мүслимдин бүгүн Чехияда сот алдына чыгарыла турганын айтты.
Боздаг, менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу маалымат берди.
Вице-премьер Бекир Боздаг: «Түркия катары талабыбыз, террордук уюмдун жетекчиси, корбашчысы болгон жана дагы деле Түркияга каршы террор иштерин жүргүзүп жаткан Салих Мүслимдин эки өлкөнүн ортосундагы мыйзамдарга ылайык Түркияга тапшырылышынын камсыздалышы»,-деди.
Боздаг, террористтин тапшырылышына байланыштуу делонун Чех органдарына берилгендигин да баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718937462)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.