Түрк куралдуу күчтөрү Африндеги айылдарды террористтерден тазалап жатат

Жалпы 96 жер террористтерден тазаланды.

916794
Түрк куралдуу күчтөрү Африндеги айылдарды террористтерден тазалап жатат

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 1873кө жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында бүгүн кургактыктан жана абадан операциялардын негизинде террордук уюмдар ПКК/КЖК/ЙПГ жана ДЕАШка мүчө дагы 44 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Ушундайча операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 1 миң 873кө жетти.

Террордук уюктарга абадан жана кургактыктан сокку уруулар уланып жатат.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Африндин түштүк-батышындагы Вафлер айылын террористтерден тазалашты.

Түрк куралдуу күчтөрү менен операцияларга колдоо көрсөткөн Эркин Сирия армиясынын күчтөрү, операция башталган 20-январдан бери ПЙД/ПККнын басып алуусундагы Африндин 5 аймагында бирөө аймактын борбору, 69у айыл, 6сы кыштак жана 20сы стратегиялык тоо же дөбө болуп жалпы 96 жерди уюмдан куткарган болду.



Тектеш кабарлар