АКШ ысымын алмаштыруу менен террористтерди жашыра албайт

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздагдын Твиттер барагындагы бөлүшүүсү.

914156
АКШ ысымын алмаштыруу менен террористтерди жашыра албайт

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, АКШнын жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ темасында Түркияны алаксытуудан баш тартышы керектигин айтты.

Бекир Боздаг, Твиттер барагындагы бөлүшүүсүндө, Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын натыйжасында аймактын террордон тазалана турганын белгилеп, «Өлкөбүздүн, чек арабыздын жана аймактын коопсуздугун камсыздайбыз. Чек арабызды бойлой курулушу пландалган террор тилкеси жана террордун мамлекеттештирилиши долбоорун бузабыз»,-деп айтты.

«ПКК/КЖК/ПЙД жана ЙПГнын Сириянын түндүгүндө этникалык тазалоо жана идеологиялык тазалоо жүргүзүшүнө, аймактын демографиялык түзүлүшүнүн өзгөртүлүшүнө жана жаңы көчтөрдүн болушуна бөгөт кое тургандарын баса белгилеген Боздаг: «Чек арабызды бойлой Чек ара коопсуздук күчү жабуусунун астында террорист армиясы жана террор мамлекети курулушуна уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

Африн аймагындагы күрт, түркмөн жана арабдардын террор уюмдарынын кысым жана зулумдугунан куткарыла турганын билдирген Боздаг, АКШнын ысым же көрнөк алмаштыруу менен террор уюмдарын жана террористтерди жашыра албай турганын, ушундай түрдө чындыкты алмаштыра албай турганын жана эч кимди алдай албай турганын билиши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар