Аданада Түркия  - Европа Биримдиги биргелешкен кеңеш комитетинин 37 -  жыйыны болду

Европа Биримдиги минитсри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Зайтун бутагы» операциясында жарандардын коргоого алынышына чоң маани берилгендигин айтты.

914583
Аданада  Түркия  - Европа Биримдиги биргелешкен кеңеш комитетинин 37 -  жыйыны болду

Европа Биримдиги минитсри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын  Африн аймагында жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жарандардын коргоого алынышына чоң маани берилгендигин айтты. Өмер Челик Аданада өткөрүлгөн Түркия  - Европа Биримдиги биргелешкен кеңеш комитетинин 37 -  жыйынына катышты. Челик бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Түрк куралдуу күчтөрү Афринде ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШка таандык террористтерди жок кылуу үчүн  «Зайтун бутагы» операциясын жүргүзүп, күн сайын бизге жарандардын каза болуп жаткандыгынан сөз кылышууда. Ал жарандык жоготуулардын жалган кабар экендигин далилдедик»,- деди.

Челик : «Биз ДЕАШ менен күрөшүп жатканда бизди колдогон жана колдоосун билдирген кээ бир досторубуз башка бир террордук уюм болгон ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД жана ЙПГ менен күрөшүп жатып бул колдоону көрсөтпөй жатышат. Террордук уюдар тууралуу бирдей мамиле кылуу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар