Түркия Асад режиминин жалгандарын төгүнгө чыгарды

Сирия режиминин жалгандарын Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттерден бөлүшкөн маалыматы менен төгүнгө чыгарды.

912865
Түркия Асад режиминин жалгандарын төгүнгө чыгарды

Түркия, Сирияда Асад режиминин жалгандарын төгүнгө чыгарды.

Сирия режимине караштуу маалымат агенттиги SANAнын абоненттерине тараткан «Түркия Африндин Аранда айылында химиялык курал колдонду» деген айтымын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттерден бөлүшкөн маалыматы менен төгүнгө чыгарды.

Сирия режиминин маалымат агенттиги SANA кабарды аймактагы террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ булактарына таяндырды.

Бирок кабарда аты берилбеген бир түрк жооптуу кызматкердин окуяны төгүнгө чыгарганына орун берилди.

SANAнын кабары Англиянын маалымат агенттиги Рейтерс тарабынан дүйнөгө таратылды. Бул кабардын жайылышынын дароо артынан тышкы иштер министри Чавушоглу, англис тилинде койгон «What a reliable source you have? Stop lying!» мындайча айтканда «Булагыңыз эмне ишеничтүүбү? Жалган айтууну токтот!» деген твиити менен кабарларды төгүнгө чыгарды.

АКШдан да Асадды төгүнгө чыгаруу маалыматы келди.

Ак үй, Түркиянын Афринде химиялык курал колдонгону жөнүндөгү айтымдардын абдан ыктымалдуулук тышында деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар