ТКК Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында, ТКК тарабынан Ирактын түндүгүндө террор уюмуна таандык буталардын байкалышы уланып жатканы билдирилди.

912653
ТКК Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында коопсуздук пункту жана база аймактарына кол салуу даярдыгын кылып жаткандары белгиленген жикчил террор уюму ПККнын уя салган жерлерине абадан операция жүргүзүлдү.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында, ТКК тарабынан Ирактын түндүгүндө террор уюмуна таандык буталардын байкалышы уланып жатканы билдирилди.

Ушул алкакта Хакурк аймагында коопсуздук пункту жана база аймактарына кол салуу даярдыгын кылып жаткандары белгиленген жикчил террор уюмунун уяларына карай абадан операция жүргүзүлдү. Операциянын натыйжасында террористтерге таандык баш калкалоочу жай, үй жай жана курал сактоочу кампа катары колдонулган буталар атылды.

Кыймылга катышкан учактар коопсуз түрдө базага кайтып келишкени жарыяланды.



Тектеш кабарлар