Түркия-АКШ биргелешкен билдирүү

Эки өлкө биргелешкен билдирүү жарыялашты.

912100
Түркия-АКШ биргелешкен билдирүү

Түркия менен АКШ, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн жана улуттук биримдигинин сакталышына болгон милдеттенмелерин тастыкташты.

Расмий сапар менен кечээ Түркияга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолукту.

Жолугушуулардан кийин тараптар биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Билдирүүдө: «Сириянын ичинде болду-бүттү жана демографиялык өзгөрүү жарата турган бардык демилгелерге карай чечкиндүү мамиле көрсөтөбүз. Эки өлкөнүн ортосундагы маселелердин чечилүүсү үчүн эң кеч марттын ортосуна чейин механизм түзүлөт. Түркия менен АКШ, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн жана улуттук биримдигинин сакталышына болгон милдеттенмелерин тастыкташат»,- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар