Дагы эки айыл террористтерден куткарылды

Ушундайча 65 жер террордук уюмдан куткарылган болду.

912141
Дагы эки айыл террористтерден куткарылды

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы, Сириянын Африн аймагында жүргүзүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясында дагы эки айылды террористтерден куткарышты.

«Зайтун бутагы» операциясынын 28чи күнүндө Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Африндин батышындагы Ражу жергесине караштуу Хасан Келкави жана Желеме айылдарын жикчил террордук уюм ПЙД/ПККдан куткарышты.

Операция башталган 20-январдан бери ПЙД/ПККнын басып алуусундагы Африндин 5 аймагында бирөө жергенин борбору, 44ү айыл, 3ү кыштак жана 17си стратегиялык тоо же дөбө болуп жалпы 65 жер уюмдан куткарылган болду.



Тектеш кабарлар