АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс ТИллерсон Түркияда

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын мамлекеттик министри Рекс Тиллерсонду кабыл алды

911567
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс ТИллерсон Түркияда

 АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ кечинде Түркияга келди. Президент Р. Т. Эрдоган Рекс Тиллерсонду кабыл алып, 3 сааттан ашуун убакыт сүйлөшүштү.

Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда кабыл алууда Сирия жана Ирак болгон аймактык абалдар, террор менен күрөшүү маселеси жана эки тараптуу карым – катнаштар да каралды.

Жолугушууда Түркиянын бардык темалардагы алдыңкылыктары жана күтүүлөрү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго ачык түрдө билдирилди. Кабыл алууга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да катышты.

Бүгүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен да жолугуша турган Рекс Тиллерсондун Түркиядагы эки тараптуу жолугушууларында башта АКШнын ПЙД/ПККга берген колдоосу, Түркия  - АКШ карым – катнаштарынын орток күн тартип беренесинде алдыга чыккан темалардын каралары жана эл аралык темаларда пикир алышууларда болушары белгиленди.

Эскерте кетсек Тиллерсон өткөн жылы 30 -  мартта борбор шаар Анкарага, 10 -  июлда болсо Стамбулга келген.



Тектеш кабарлар