АКШ террор уюмдары темасында Түркияны алаксытуудан баш тартышы керек

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Твиттер барагынан маанилүү маалымат бөлүштү.

910843
АКШ террор уюмдары темасында Түркияны алаксытуудан баш тартышы керек

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, АКШнын террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ темасында Түркияны алаксытуудан баш тартышы керектигин айтты.

Бекир Боздаг, Твиттер барагынан бөлүшкөн маалыматында Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын жыйынтыгында аймактын террордон тазалана турганын белгилеп, «Өлкөбүздүн, чек арабыздын жана аймактын коопсуздугун камсыздайбыз. Чек арабызды бойлой курулуусу пландалган террор тилкеси жана террордун мамлекеттештирилиши долбоорун кыйратабыз»,-деп айтты.

«ПКК/КЖК/ПЙД жана ЙПГнын Сириянын түндүгүндө этникалык жана идеологиялык тазалоо кылышына, аймактын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүүсүнө жана жаңы көчтөргө бөгөт боло турганына басым жасаган Боздаг: «Чек арабызды бойлой Чек ара коопсуздук күчү жабуусунун астында террорист армиясы жана террор мамлекети курулуусуна уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

Африн аймагындагы күрт, түркмөн жана арабдардын террор уюмдарынын кысымы жана зулумдугунан куткарыла турганын билдирген Боздаг, АКШнын ысым же көрнөгүн алмаштыруу менен террор уюмдарын жана террористтерди жашыра албай турганын, ушундай түрдө чындыкты жашыра албай турганын жана эч кимди алдай албай турганын билиши зарыл экенин айтты.



Тектеш кабарлар