Эми эч кимдин ДЕАШ шылтоосун колдонуу укугу жок

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Межлисинде партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

909780
Эми эч кимдин ДЕАШ шылтоосун колдонуу укугу жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГга курал жардамын берүү чечиминин Түркиянын да бул өлкөгө багытталган чечимдерине таасир тийгизе турганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Межлисинде партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө АКШнын террор менен күрөшүүдөгү «эки жүздүүлүгүнө» басым жасаган Эрдоган, кылымдар бою мамлекеттик салтка ээ болгон Түркиянын террор менен күрөшүү темасында эмне керек болсо жасай турганын айтты.

АКШны НАТО мүчөлүгү жана шериктештиктен келип чыккан жоопкерчилик аң-сезими менен иш-аракет кылууга чакырган Эрдоган: «Бул кандай НАТО мүчөлүгү. Биз НАТОдо чогуу болсок, НАТОнун беренелери, мыйзамдары кандай болсо Түркия канчалык баш ийип жатса АКШ да ошончолук баш ийиши керек. НАТО тең, АКШ эмес. Бардык өлкөлөрдүн ар бири АКШ менен тең укуктуу. Бардыгыбыз бирдей түрдө баш ийишибиз керек»,-деп айтты.

АКШнын ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ менен дагы ДЕАШ менен дагы кызматташтык кылганына токтолгон Эрдоган: «Канча ДЕАШ мүчөсүн жок кылдыңыз. ДЕАШ мүчөлөрүн кайда өткөрдүңүз. Ортодо эч бир чындык катары кабыл ала турган окуя жок. Биз аймакта кимдин ким менен бирге экенин, эмне кылганын, кимге кандай мүмкүнчүлүктөр берилгенин белгилеп, каттоодобуз. Эми эч кимдин ДЕАШ шылтоосун колдонуу укугу жок. Сирия жана Ирактагы ДЕАШ театрынын эми акыры келди. Булардын ПКК мүчөсү экени жөнүндө белги көргөн жокпуз дегендер, сокур же жинди эмес болсо, карасанатай болуп саналышат»,-деди.

Аймакта террористтер менен бирге көрүнгөн АКШлык командирлердин маалымдоолоруна каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Бизди атышса катуу жооп кайтарабыз дегендерге өмүрүндө эч осмондуктун муштуму тийе электиги да ачык белгилүү. Түркияны каалаганындай кирип чыгышкан, ар түрдүү тентектикти кылып эч жооп бербеген жерлер менен чаташтырып жатышса, абдан жакында андай болбогонун көрүшөт. Дароо жанында тургандардан баштап биз көргөн ар бир террористти жок кылабыз. Мына ошондо террористтердин жанында болушпаса өздөрү үчүн дагы жакшы болгонун түшүнүшөт»,-деп айтты.

АКШнын атуулдарына үн каткан Эрдоган: «АКШнын бюджетинен (террор уюмуна жардам үчүн) чыккан бул акчалар АКШнын калкынын чөнтөгүнөн чыккан акчалар. Бул темада АКШ калкынын сезимталдыгын да күн тартипке алып чыккым келет. Учурда улуттук бюджеттен ушунча акчанын чыгышы ойлондурат»,деп айтып, эми бардык нерсени ачык сүйлөшүүнүн убагы келгенин маалымдады.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында «ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана тууган аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда башталган «Зайтун бутагы» кыймылын каралоого аракет кылган чөйрөлөргө да каршылык көрсөткөн Эрдоган: “Бул операциянын себебинен дагы деле өлкөбүздү күнөөлөгөндөр, алгач аймактагы туннелдерди, чептерди, башынан аягына чейин куралдандырган айылдарды карап көрүшсүн. Эгерде ортодогу көрүнүшкө карабастан бул даярдыктардын өлкөбүзгө карай болбогонун айтып чыга тургандар бар болсо, анда аларга айта турган сөзүбүз жок»,-деди.



Тектеш кабарлар