Түрк куралдуу күчтөрүнүн жумалык маалымдоосу

ТККнын жумалык маалыматтандыруусунда террор уюмунун мүчөлөрү менен болгон салгылашууларда бири оор 143 аскердин жарадар болгону билдирилди.

909174
Түрк куралдуу күчтөрүнүн жумалык маалымдоосу

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), Сириянын Африн аймагына 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 31 аскердин шейит болгонун жарыялады.

ТККнын жумалык маалыматтандыруусунда террор уюмунун мүчөлөрү менен болгон салгылашууларда бири оор 143 аскердин жарадар болгону билдирилди.

Анда, кыймылдын башынан бери Аба күчтөрүнө таандык учактар тарабынан ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына таандык 627 бута атылып жер менен жексен кылынганы, ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына мүчө кеминде 1369 террорист жок кылынганы белгиленди.

Жарыяда абадан операция жана артиллериялык аткычтардын коштоосундагы кургактык кыймылы пландалгандай түрдө ийгиликтүү уланып жатканы баяндалды.

ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор элементтеринин Афринден чыгышка, Мүнбичтен батышка карай багытталган кол салууларын токтотууга карай көрүлгөн чаралардын ишке ашырылышына кылдаттык менен улантылганы баса белгиленген жарыяда, ушул алкакта өзгөчө Азез-Маре жана убак-убагы менен да Мүнбич аймагынан болгон кол салууларга мыйзамдуу коргонуунун алкагында жооп кайтарылганы билдирилди.

Жарыяда, аймакта жүргүзүлгөн нормалдашуу (инфраструктура, план, жергиликтүү башкаруулардын колдоого алынышы ж.б.у.с.) иштерге да салым кошулганы белгиленди.

ТКК, Идлиб аймагында Астана сүйлөшүүлөрүнүн алкагында ок атышпоонун таасирин арттыруу, ок атышуулардын соңуна чыгарылышы, гуманитардык жардамдардын муктаждарга жеткирилиши үчүн 7 байкоочу жердин курулганын жана башка байкоочу жерлердин курулушуна карай иштердин да улантылганын белгиледи.

Жарыяда, «Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү аймактагы милдеттерин Астана жолугушууларында кепил өлкөлөр тарабынан макулдашылган аскердик кийлигишүү эрежелеринин алкагында улантууда»,делди.

 



Тектеш кабарлар