"Зайтун бутагы" операциясы ийгиликтүү улантылууда

Кечээ Африндин батышындагы 5 айыл террористтерден тазаланды.

907580
"Зайтун бутагы" операциясы ийгиликтүү улантылууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШ террористтерин жок кылуу, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн баштаган Зайтун бутагы операциясынын башталышынан бери өлтүрүлгөн террорист саны 1141ге жетти.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан берилген маалыматта : « «Зайтун бутагы»операциясынын негизинде кургак жер күчтөрү тарабынан ишке ашырылган аба операциясы менен террордук уюмдарга таандык 36 бута жардырылды»,- деп билдирилди.

Кечээ Африндин батышындагы 5 айыл террористтерден тазаланды. Африндин түштүк батышында жүргүзүлгөн операцияда болсо 1 аскер шейит болду.

Аба жана кургактыктан жардам берүү менен жүргүзүлүп жаткан операция ийгиликтүү улантылууда. Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базаларына кайтып келди.

Ошол эле учурда башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар жана күч командирлери операция жүргүзүлгөн аймакты абада учак менен текшерди.

Жандармериянын башкы командири, армиянын генералы Ариф Четин да Килисте «Зайтун бутагы» операциясына катышкан бөлүктөрдө иликтөө жүргүздү.



Тектеш кабарлар