Түрк куралдуу күчтөрүнүн Африн операциясы

«Зайтун бутагы» операциясынын негизинде өлтүрүлгөн террорист саны 1062ге жетти.

906857
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Африн операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн аймагына карата жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясына катышкан бир аскердин шейит болгондугун жарыялады.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта «Зайтун бутагы операциясынын негизинде 2018 -  жылдын 9 -  февралында Африндин түштүк  - батышында ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШ террористтерине каршы жүргүзүлгөн операцияда бир каарман аскерибиз шейит болду»,- деп билдирилди.

«Зайтун бутагы» операциясынын негизинде өлтүрүлгөн террорист саны 1062ге жогорулады.

Түрк аскердик учактары Сириянын Африн аймагында жикчил террордук уюм ПЙД/ПККга таандык буталарды атты. Аба операциясында түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия Армиясынын текшерүүсү астындагы Бурсея тоосунун түштүк  - батышындагы Бафилун тоосу да араларында болгон эң аз 19 бута атылды.

Башкы штабдын төрагалыгы «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШтын 29 террористтинин дагы өлтүрүлгөндүгүн, ушундайча өлтүрүлгөн террорист санынын 1062ге жеткендиги билдирилди. Маалыматта операциянын пландалгандай түрдө ийгиликтүү өтүп жаткандыгы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар