Президент Р. Т. Эрдоган менен Шавкат Мирзиеевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Эрдоган Өзбекстандын түрк жарандары үчүн 30 күндүк визадан бошотуу тууралуу чыгарган чечими үчүн Мирзиеевге рахмат айтты.

906343
Президент Р. Т. Эрдоган менен Шавкат Мирзиеевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өзбекстандын президенттик басма сөз офисинен берилген маалыматта Р. Т. Эрдоган менен Мирзиеевдин өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Мирзиеевдин 2017 -  жыл октябрь айындагы Түркия сапарында көп тараптуу жана бири биринин кызыкчылыктарын көздөгөн өзбек  - түрк кызматташтыгын жаңы бир баскычка алып баргандыгы белгиленди.

Сүйлөшүүдө бул сапарда кол коюлган келишимдердин турмушка ашырылышы, соода – экономикалык, инвестиция, технология, банктык сектор, финансы, транспорт, туризм жана башка тармактарда кенен масштабда биргелешкен проектилердин даярдалышы жана ишке ашышы темалары сөз болду.

Президент Эрдоган Өзбекстандын түрк жарандары үчүн 30 күндүк визадан бошотуу тууралуу чыгарган чечими үчүн Мирзиеевге рахмат айтты.

Мирзиеев да бул чечимдин соода – экономикалык, инвестиция жана туризм тармактарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратышына кызмат кыларын, эң негизгиси бир тууган калктардын ортосундагы достук карым – катнаштарын дагы да бекемдеп, түрк жарандарынын Өзбекстанга баруу мүмкүнчүлүгүн жаратарын белгиледи. Сүйлөшүүдө эл аралык жана башка актуалдуу маселелер да каралды. Мирзиеев аймакта тынчтык жана ырааттуу өнүгүүнүн түзүлүшү максатында март айында Ташкентте өткөрүлө турган Афганстанда тынчтыктын түзүлүшүнө карата эл аралык конференцияга Түркияны чакырды.

Эрдоган да бул демилгенин турмушка ашырылышын толук колдошорун жана бул конференцияга Түркиядан жогорку деңгээлдеги делегациянын катышарын билдирди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки лидер Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы достук, бир туугандык карым – катнаштар жана салттык жакын кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендерин дагы бир жолу такташты. Мирзиеев өзгөчө президент Эрдоганды өлкөсүнө чакырды.



Тектеш кабарлар