Террористтердин мыкаачылык кол салуулары тыйыла элек
Сириянын Идлиб аймагындагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) бөлүктөрүнө кол салуу болуп 1 аскер шейит болду, 5 аскер менен бир жаран кызматкер жаракат алды.
![Террористтердин мыкаачылык кол салуулары тыйыла элек](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/34ca/80ec/934a/5a794cd08d95a.jpg?time=1718926095)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Идлибде курулушу уланып жаткан 6 номердүү байкоочу жайындагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө снаряд жана минометтун октору атылып, 1 аскер шейит болгону, 5 аскер менен бир жаран кызматкердин жаракат алганы билдирилди.
Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында болсо кечээ террористтер менен кагылыша кеткен бир аскер шейит болду.
ТКК, Африндин Кури Тепе аймагында ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмунун мүчөлөрү тарабынан миномет огунун атылышында бир аскер шейит болгонун жарыялады.
ТКК, кол салуунун акырында жикчил террор уюмунун мүчөлөрүнө дароо аймактагы ок атууларды колдоочу куралдар менен жооп кайтарылганы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718926096)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.