Түрк куралдуу күчтөрү "Зайтун бутагы" операциясы тууралуу маалымат берди

«Зайтун бутагы» операциясынын негизинде 823 террорист өлтүрүлдү.

902606
Түрк куралдуу күчтөрү "Зайтун бутагы" операциясы тууралуу маалымат берди

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жүргүзүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде 823 террорист өлтүрүлдү.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта аба күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн аба операциясы менен ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарына таандык баш калкалоочу жерлер менен ок  - дары сакталган жерлер, курал буктурмалары катары колдонулган 15 бутанын жардырылгандыгы билдирилди.

Түрк куралдуу күчтөрү : « «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде аймактан алынган маалыматтарга караганда 12 ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ террорист өлтүрүлдү. Операциянын башталышынан бери өлтүрүлгөн террорист саны 823кө жетти»,- деп билдирилди. Маалыматта операцияга катышкан учактардын коопсуз түрдө базаларына кайтып келишкендери белгиленди.

Түрк куралдуу күчтөрү «Зайтун бутагы» операциясынын Сириянын түндүк – батышындагы Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ террористтерин жок кылуу жана аймак калкын булардын кысым жана зулумчулугунан куткаруу үчүн жүргүзүлүп жаткандыгы да эске салынды.



Тектеш кабарлар