Президент Эрдоган Ватикан менен Италияга барат

Эрдоган сапарында Папа Франциск менен жолугушат.

901720
Президент Эрдоган Ватикан менен Италияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган 4 – 5-  февраль күндөрү Ватиканга расмий сапар менен барат. Эрдоган сапарында Папа Франциск менен жолугушат. Римде Италиянын президенти Сергио Матарелла менен жолугушат. 

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка ылайык жолугушууларда Түркия  - Ватикан карым  - катнаштары, Иерусалим тууралуу абалдар, аймактык маселелер, Сирияда болуп жаткан адамзаттык трагедия, террор, чет элдик душмандыгы жана ислам душмандыгы менен күрөш сыяктуу темалар каралат.

Президент Эрдогандын сапары 59  жылдан кийин Түркиядан Ватиканга жасалган президенттик деңгээлдеги  экинчи сапар болот.

Президент Эрдоган Ватикан сапарынан кийин Римде Италиянын президенти Сергио Матарелла менен иш алып баруу тамагында жолугушат жана Италиянын премьер  - министри Паоло Гентилоннини кабыл алат.

Түркия менен Италиянын ортосунда саясий, экономикалык, коргонуу өнөр жайы тармактарында эки тараптуу кызматташтык темалар карала турган жолугушууларда Сирия, Ирак жана Ливиядагы акыркы абалдар, Иерусалим, террор жана иретсиз миграция менен күрөш темаларында кызматташтык, Түркия  - Европа Биримдиги өлкөлөрү сыяктуу эки өлкөнүн орток күн тартибинде орун алган темалар тууралуу пикир алышууларда болушат. Президент Эрдогандын Рим сапарында Италиянын алдыңкы фирмаларынын башкаруучуларын кабыл алышы да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар