Эрдоган 800гө жакын террористтин жок кылынгандыгын айтты

Эрдоган президенттик комплексинде өткөрүлгөн Түркия Жаштык Фонду ТҮГВА уюмунун жолугушуусуна катышып сөз сүйлөдү.

901757
Эрдоган 800гө жакын террористтин жок кылынгандыгын айтты

Президент Р. Т. Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ террористтерин жок кылуу, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн баштаган «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде ушул кезге чейин 800гө жакын террористтин жок кылынгандыгын айтты.

Эрдоган президенттик комплексинде өткөрүлгөн Түркия Жаштык Фонду ТҮГВА уюмунун жолугушуусуна катышып сөз сүйлөдү. Эрдоган сөзүндө «Зайтун бутагы» операциясынын ийгиликтүү  улантылып жаткандыгын баса белгилеп : «Каарман аскерлерибиз тарых жазып жатат»,- деди. Эрдоган коопсуздук күчтөрүнүн өткөн жылкы Евфрат калканы кыймылында болгондой «Зайтун бутагы» операциясында да террористтерди жок кылышарын айтты.

Жаштардын туура тарбияланышы үчүн фонддорго абдан чоң милдеттин берилгендигин баса белгилеген Эрдоган : «Фонд иштери, жарандык коом иштери ыктыярдуулук иши. Абдан олуттуу аракетти керек кылат»,- деди.

Террордук уюмдардын өзгөчө жаштарды тузакка түшүрүүгө аракет кылгандыгын белгилеген Эрдоган : «ПКК террордук уюму менен  анын азыркы күндөгү уландылары өзгөчө жаштарыбызды бутага алууда. Фетуллахчы террордук уюмдун да бутасында жаштарыбыз эң башта орун алган. Эки уюмду да жок кылууга, өлкөбүзгө берген зыянчылыгын бир жерде токтууда ийгиликтүү болдук»,- деди.



Тектеш кабарлар