Адендеги кагылышуулар тууралуу Түркиядан чакыруу салынды

Түркия Йеменде болуп жаткан кризистин чечилишин кыйын абалга түртө турган кадамдардан алыс турууга чакырды.

900680
Адендеги кагылышуулар тууралуу Түркиядан чакыруу салынды

Түркия Йемендин Аден шаарында мыйзамдуу өкмөткө караштуу бөлүктөр менен кээ бир жикчил топтордун ортосунда болгон кагылышууларга байланыштуу өлкөдө болуп жаткан кризистин чечилишин кыйын абалга түртө турган кадамдардан алыс турууга чакырды.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта көп сандаган кишинин каза болушуна жана жараланышына жол ачкан кагылышуулардан тынчсыздануулардын болгондугу билдирилди. Маалыматта : «Түркия катары Йемендин тынчтык, ырааттуулугу жана жеринин бүтүндүгүн колдоого, мыйзамдуулуктун жанында турууга жана бир тууган Йемен калкы менен тилектештик ичинде болууну улантарыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз»,-  деди.  

 



Тектеш кабарлар