"Зайтун бутагы" операциясы эки айылды террористтерден куткарды

Кагылышуулардан кийин Сүлейман Халил жана Сати Шагы айылдары террордук уюм ПЙД/ПККдан алынды.

900129
"Зайтун бутагы" операциясы эки айылды террористтерден куткарды

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясынын «Зайтун бутагы» операциясында Африндин батышындагы 2 айылды дагы ПЙД/ПККдан тазалады.

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясы Африндин батышындагы Ражу аймак борборунун жакындарындагы айылдарга эрте мененки сааттарда операция баштатты.

Кагылышуулардан кийин Сүлейман Халил жана Сати Шагы айылдары террордук уюм ПЙД/ПККдан алынды.

Ушундайча операциянын 11 – күнүндө Африндин беш амагында 17 айыл жана бешөөсү стратегиялык дөңсөөлөр жана айыл астындагы отурукташуу жери болуп 23 жер террористтерден куткарылды. Ошол эле учурда Килис  - Хатай чек ара аймагындагы Дармык тоосунун тегерегинде белгиленген террордук буталар аскердик учактар тарабынан бомбаланды.



Тектеш кабарлар