Түркиянын канчалык олуттуу экенин бардыгы көрдү

«Зайтун бутагы» операциясы пландалгандай уланып жатат.

899737
Түркиянын канчалык олуттуу экенин бардыгы көрдү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Зайтун бутагы» операциясында биз аянтта дагы, үстөлдө дагы абдан күчтүү болдук. Ошондой эле аянтта террористтерди таасирсиз кылдык жана дипломатиянын талабын аткардык»,-деди.

Министр Чавушоглу, ТРТ-Хабер каналынын «Пресс-карта» программасында күн тартипке байланышуу суроолорго жооп берди.

«Зайтун бутагы» операциясынын пландалгандай уланып жатканын, түрк аскерлери жана Эркин Сирия армиясынын алдыга илгерилеп баратканын айткан Чавушоглу: «Көптөгөн айыл жана кыштак, шаар колго алынды. Түндүктөн, түндүк-чыгыштан, батыштан, Хатай тараптан ар кайсы багыттардан ичкериге карай илгерилөө уланып жатат»,-деди.

Операциянын максатынын Афринди террористтерден тазалап сириялыктар үчүн коопсуз жерге айландыруу экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Так эле «Евфрат калканы» операциясынан кийин бул аймакка Түркиядан жана Сириядан ар кайсы аймактардан адамдар кайта алса, террористтерден тазалгангандан кийин бул жер сириялыктар үчүн коопсуз жер болот жана адамдар өз үйлөрүнө кайта алышат. Алар азыртадан эле кайта башташты»,-деп айтты.

Чавушоглу, Түркиянын операция башталгандан бери дүйнөлүк коомдук пикирге да маалымат берип жатканын, эл аралык мыйзамга ылайык мыйзамдуу коргонуу укугун колдонгонун жана бардык өлкөлөргө болгондой эле Сириянын да жеринин жана чек ара бүтүндүгүнө колдоо көрсөткөнүн баса белгиледи.

Түркиянын операциядан мурунку эскертүүлөрүнө «Түркия муну ишке ашыра албайт, бөгөт боло албайт» деп сереп салгандар болгонун айткан Чавушоглу: «Бул операция менен бирге Түркиянын канчалык чечкиндүү экенин ар ким көрдү. Достор да көрдү. Шериктеш дегенибиз өлкөлөр да, жалган шериктештер да, ЙПГге колдоо көрсөткөндөр да көрдү, коңшулар да көрдү. Мындан кийинки процессте таштала турган кадамдар темасында да чечкиндүүбүз»,-деди.

Министр Чавушоглу «Зайтун бутагы» операциясынын качан аяктарына байланыштуу суроого: «Өзгөргөн аба шарттары жана ал жердин шарттарынын себебинен кандайдыр бир божомолдоо кылуу кыйын»,- деп жооп берди.

Чавушоглу Түркиянын максатынын тез арада бул операцияны ийгиликтүү аяктап, аймакты террористтерден толугу менен тазалоо экенин айтты.

Министр Чавушоглу, Ирак жана Сириядагы түркмөндөрдүн укуктарынын корголуусунун Түркия үчүн абдан маанилүү экенин да баса белгилеп, Сириядагы түркмөндөрдүн укуктары үчүн да бардык темада керектүү сунуш жана эскертүүлөрдүн айтыла турганын билдирди.

Сирияда туруктуу чечүүчү жолдун саясий чечүүчү жол экенин баса белгилеген Чавушоглу, бүгүн Орусиянын Сочи шаарында өтө турган жыйында да Сирияда БУУнун карамагында мыйзамдуу, ачык саясий процесстин башталуусуна жана Сириянын шайлоого даярдануусуна карай олуттуу кадамдардын таштала турганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар