Чавушоглу менен Лавров эки жолу сүйлөштү

Дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатат.

900093
Чавушоглу менен Лавров эки жолу сүйлөштү

Түркия менен Орусия, Сочи саммитинин алкагында Сирия маселесин чечүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, орус кесиптеши Сергей Лавров менен бүгүн эки жолу телефондо сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн күн тартибинде Сочидеги Сирия улуттук диалог конгресси бар эле.

Эки министрдин, Сочи саммитинин логотибинде Асад режимине таандык желектин орун алышынын себебинен келип чыккан кризисти сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Конгресске катышуу үчүн кечээ кечинде Анкарадан Сочиге барган араб, түркмөн жана күрт оппозициячылдар, аэропорттогу афишаларда жалгыз гана режимдин желегинин орун алганын көргөндөрү боюнча өлкөгө кирүүдөн баш тартышкан болчу.

Мевлүт Шавушоглу журналисттерге берген маалыматында: «Жыйындын башталышында бир нерселер болду бирок маселе жок, чечтик. Оппозициячылдар: «Бизди Түркия өкүлдүк кылат» дешти жана Түркияга уруксат беришти»,-деп айтты.

Чавушоглу жыйында конституция комиссиясынын түзүлөөрүн белгилеп, комиссияга Түркия, Иран жана Орусиянын тең санда мүчө бере турганын билдирди.

Тышкы иштер министр Чавушоглу, конституция комиссиясынын БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын жетекчилигинде түзүлө турганын билдирди.

Эки лидердин биринчи сүйлөшүүсүндө Сириядагы акыркы кырдаал жана «Зайтун бутагы» операциясы да каралган болчу.  



Тектеш кабарлар