«Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылынын 10-күнү
2-Армиянын командири генерал-полковник Исмаил Темел, Бурсея тоосуна барып түрк аскерлери менен жолукту жана иликтөөлөрдү жүргүздү.
![«Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылынын 10-күнү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c09d/debb/c961/5a6f1c850374a.jpg?time=1718832926)
2-Армиянын командири генерал-полковник Исмаил Темел, террор элементтеринен тазаланган Африндин Бурсея тоосунда иликтөөлөрдү жүргүздү.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында «ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана тууган аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткарыш үчүн баштаган «Зайтун бутагы» кыймылы 10-күнүндө уланып жатканда ушул убакка дейре 597 террорист жок кылынды.
Кечээ түштө стратегиялык маанидеги Бурсея тоосун абадан бомбалоодон кийин кургактык кыймылы менен ПЙД/ПККдан каратылып алынды.
Бүгүн болсо Килис-Хатай чек ара аймагындагы Дармук тоосунун алкагында белгиленген террор буталары «Фыртына» пушкалары менен кээ-кээде атылып жатат.
Террор уюмуна таандык буталардан түтүндөр асманга көтөрүлүп, замбирек үндөрү Килистин чек ара тилкесиндеги айрым айылдардан угулууда. Түрк согуштук учактары да чек араны бойлой учууда.
Бул учурда 2-Армиянын командири генерал-полковник Исмаил Темел, Бурсея тоосуна барып түрк аскерлери менен жолукту жана иликтөөлөрдү жүргүздү.