Сочиде Сириянын Улуттук диалог конгресси башталууда

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура да Сочидеги жыйналышта орун алат.

899078
Сочиде Сириянын Улуттук диалог конгресси башталууда

Сириянын Улуттук диалог конгресси Орусиянын Сочи шаарында башталууда.

Террор уюму ПКК/ПЙД жыйналышта орун албайт.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура да Сочидеги жыйналышта орун алат.

Бул чечим, Орусиянын «Сочинин жыйынтыгынын Женевага жеткирилиши» темасында убада бериши боюнча чыгарылды.

Австриянын борбор шаары Венада 25-26-январь күндөрүндө болгон Сирия темалуу атайын жыйналыштан кийин Рияд колдогон сириялык оппозициячылдар да Сочиге катышпоо чечимин чыгарган.

Сочи жыйналышында Сириянын келечеги талкууланып, жаңы конституция үчүн комиссия түзүлүшү каралып чыгат.

Конгресстин алдында Түркия дипломатиялык алакаларын улантты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Улуттук диалог конгресси үчүн жасалган даярдыктар каралды.

Конгресстин ыктымалдуу жыйынтыктарына байланыштуу пикир алмашылды.

Эки министр айрыкча Сириядагы акыркы абалдарга баа берди.

Сочи конференциясы тууралуу көңүлдү бурган дагы бир нерсе конференциянын логотибинде көрүндү.

Чакыруу каттарында да колдонулган логотипте «Зайтун бутагы» фигурасынын чоңурак сүрөтү көңүл бурду.

Логотипке жаңы формасынын «Зайтун бутагы» кыймылынан кийин берилгени божомолдонууда.



Тектеш кабарлар