«Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылы пландалганы сыяктуу ийгиликтүү уланууда

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылында кечээ 2 аскердин шейит болгонун, ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына мүчө 53 террористтин жок кылынганын жарыялады.

898523
«Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылы пландалганы сыяктуу ийгиликтүү уланууда

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылында 2 аскердин шейит болгону, 11 аскердин жаракат алганын маалымдады.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында операциянын 8-күнүндө ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарынын элементтери менен болгон салгылашууларда ТККдан 2 аскер шейит болгону, 11 аскердин жеңил жаракат алганы билдирилди.

Жарыяда, ТКК тарабынан колдоого алынган  Эркин Сирия армиясынан (ЭСА) да 2 киши шейит болгону, ЭСАнын 4 мүчөсү да жеңил жаракат алганы белгиленди.

Операцияда ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарынын 53 террористи жок кылынганын, кыймыл башталгандан бери жок кылынган террорист саны 447ге жеткени жана «Зайтун бутагы» кыймылы пландалганы сыяктуу ийгиликтүү уланганы белгиленди.

Анда, Аба күчтөрү тарабынан абадан жүргүзүлгөн операцияларда ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына таандык баш калкалоочу жай, үй жай, ок дары сатоочу кампа жана курал жайгаштыруучу жайлары болуп бардыгы 42 бутанын таш талканы чыгарылды жана операцияга катышкан 22 учактын коопсуз түрдө базаларына кайтканы маалымдалды.

Жарыяда, кыймылдын өлкөнүн эл аралык шарттан келип чыккан укуктары, БУУнун коопсуздук кеңешинин террор менен күрөшүүгө карай токтомдору жана БУУнун келишиминде орун алган «мыйзамдуу коргонуу укугунун» алкагында Сириянын жеринин бүтүндүгү эске алынып жүзөгө ашырылганы белгиленди.

Анда, кыймылдын пландоо жана жүзүгө ашырылышында бир гана террористтер жана буларга таандык баш калкалоочу жай, үй жай, ок дары сатоочу кампа жана курал жайгаштыруучу жайлары, буктурма, унаа жана шаймандары бутага алынганы, жаран жана карапайым адамдардын жабыр тартпашы үчүн ар түрдүү чара көрүлүп, абдан аяр мамиле жасалганы баса белгиленди.

«Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылы ТКК тарабынан чек араларда жана аймакта коопсуздук жана ыраттуулукту камсыздоо максаты менен Сириянын түндүк батышындагы Африн аймагындагы ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана тууган аймак калкын булардын кысым жана зулумдугунан куткаруу үчүн 20-январь ишемби күнү саат 17:00дөн тарта башталды.



Тектеш кабарлар