Килиске ракеталуу кол салуу болду

Кол салууда  2 киши жараланды.

898310
Килиске ракеталуу кол салуу болду

Сириянын Африн аймагындагы террордук уюм ПЙД/ПКК террористтери тарабынан Килис шаарынын борборуна ракеталуу кол салуу жасалды. Кол салууда  2 киши жараланды.

Афринде ПЙД/ПКК террористтери басып алган аянттардан саат 15 : 00 чамаларында Килис шаарынын борборуна атылган ракета 5 кабаттуу имараттын чатырына келип түштү. Ошол эле учурда үйдөгү 2 киши жараланды.

Окуя болгон жерге жиберилген полиция топторунун коопсуздукту түзгөндөн кийин имаратка кирген саламаттык сактоо кызматкерлери жаралууларды тез жардам унаалары менен Килис мамлекеттик ооруканаларына жаткырды.

Шаарда жолугушууларды өткөргөн вице  - премьер Хакан Чавушоглу, адилеттик министри Абдулхамит Гүл жана башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар ракета кол салуусунда зыян тарткан имаратта иликтөө жүргүздү. Чавушоглу, Гүл жана армиянын генералы Акар жетекчилерден маалымат алды.

Армиянын генералы Акар иликтөөлөрдөн кийин журналисттердин «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу суроолорго : «Аз убакыт калды, баары бүтөт, баары жакшы болот»,- деп жооп берди. Армиянын генералы Хулуси Акар Килиске баргандан мурда Шанлыурфада иликтөө жүргүздү.

Африн аймагынан ПЙД/ПКК террористтери тарабынан кечээ кечинде атылган 3 ракета да Хатайдын Рейханлы жана Кырыкхан районунун элетине келип түшкөн.

 

 



Тектеш кабарлар