Түркия Грецияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой жазуу түрүндө жооп берди.

897536
Түркия Грецияга каршылык көрсөттү

Түркия Грециянын премьер-министри Алексис Ципраска каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын Швейцариянын Давос аймагында өткөрүлгөн форумда Түркиянын агрессивдүү кошуна экени жөнүндөгү билдирүүлөрүнө байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Билдирүүдө: «Грециянын премьер-министри Ципрастын 24-январда Давосто, өлкөбүзгө карай айткан сөздөрүн кабыл алуубуз мүмкүн эмес»,-делди.

Билдирүүдө айрыкча: «Премьер-министр Ципрастын бул сыпаттоону такташ үчүн негизи өз кабинетине карашы керек деп ойлойбуз. Өзү менен бирге иштегендердин айрымдарынын бул сыпаттоого шайкеш келгенин ар ким билет»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар