Башкы штаб төрагасы Шанлыурфага барды

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, чек ара тилкесинде иликтөө жүргүзүүдө.

897964
Башкы штаб төрагасы Шанлыурфага барды

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, Сириянын чек арасындагы бөлүктөрдө текшерүү жана иликтөө жүргүзүш үчүн Шанлыурфага барды.

Башкы штаб төрагасы Акар, өзүн коштогон күч командирлери менен бирге шаар борборундагы 20-Механикалаштырылган бригаданын командирлигине өттү.

Генерал-майор Исмаил Хаккы Көсеалинин кызмат орунуна барган армия генералы Хулуси Акар жана аны коштогон командирлердин, чек ара тилкесин текшерүүсүн уланта турганы белгиленди.

Армия генералы Хулуси Акардын жолугушуулары жабык эшик артында өттү.


Этикеткалар: #Хулуси Акар

Тектеш кабарлар