"Зейтин бутагы" операциясы экономикага таасирин тийгизбейт

Өнүгүү министри Лүтфи Элван Африн аймагындагы «Зейтин бутагы» операциясынын экономикага таасир этпей тургандыгын айтты.

897184
"Зейтин бутагы" операциясы экономикага таасирин тийгизбейт

Өнүгүү министри Лүтфи Элван Африн аймагындагы «Зейтин бутагы» операциясынын экономикага таасир этпей тургандыгын айтты. Элван Түркия туризм инвесторлору коомунун жылдык баа берүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Түркия экономикасынын армиясы сыяктуу күчтүү экендигин белгилеп : «Бир тараптан террор уяларын жок кылып жатып, бир тараптан экономикабызды өстүрүүнү улантабыз»,- деди.

Лүтфи Элван акыркы жылдарда Түркияга жакын жерлерде болуп жаткан кыйынчылыктарга токтолуп : «Террор менен күрөшүүбүздү аймагыбызда эч бир баш  - аламандык, ыраатсыздык калбай калганга чейин эмне керек болсо аткарууда чечкиндүүбүз. Улуттук коопсуздугубузду, ырааттуулугубузду коркуткан ар бир элемент менен акырына чейин күрөшүүнү улантабыз. Ушунун негизинде  «Зейтин бутагы» операциясын баштаттык»,- деди.

Министр Элван операция башталгандан кийин экономикага таасиринин болуп же болбой тургандыгына байланыштуу талаш  - тартыштарга күбөө болгондугун белгилеп : «Улантылып жаткан операцияларга карабастан биржабыз кечээ жана бүгүн реокрдго жетишти. Каржоочу ишеним индекси 8 айдын эң жогорку чегине жетишип 11, 1 пайыздык өсүү менен натыйжаланды»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар