Тиллерсон:«Түркия менен аянтта бетме-бет келгибиз келбейт»,-

АКШдан «Зайтун бутагы» кыймылы жүргүзүлгөн Сириянын Африн аймагы үчүн жаңы сунуш келди.

896530
Тиллерсон:«Түркия менен аянтта бетме-бет келгибиз келбейт»,-

 

АКШдан «Зайтун бутагы» кыймылы жүргүзүлгөн Сириянын Африн аймагы үчүн жаңы сунуш келди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Сириянын чек арасын камтыгыдай түрдө 30 км ичкериге дейре коопсуз тилке куруу сунушун кылганын айтты.

Чавушоглу, Франциянын борбор шаары Парижде өткөн «Химиялык курал колдонуунун жазасыз калбашы үчүн эл аралык өнөктөштүк» деген темадагы жыйынга катышуу үчүн барган Франциянын борбор шаары Парижде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Тиллерсон аты аталган жолугушууда, «Чындыгында биздин оюбузда 10 чакырымдык ичкериси бар эле. Бирок көрүнүп тургандай сиздин коопсуздук санааркоолоруңуздун жоюлушу үчүн мунун 30 км болушу керек. Башынан аягына чейин коопсуз тилке болсун, террордук кол салуулар сизге келбесин. Коопсуз тилке менен айтып жатканыбыз ушул»,-деди.

Сириядагы абалдарды кылдат байкап жаткандарын белгилеген Тиллерсон, «Түркия менен аянтта бетме-бет келгибиз келбейт»,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга көрсөтүлгөн колдоону токтотушу керектигин белгилеп, «Сириянын келечеги үчүн чогуу кадам ташталышы керек. ПКК менен күрөшүү темасында Түркияга так колдоо берилиши керек. Сирияда куралдуу топтор болбошу керек»,-деди.

Сүйлөшүүдө карым-катнаштардын нормалдашуусу үчүн ташталышы керек болгон кадамдар да күн тартипке келди.


Этикеткалар: #Африн аймагы

Тектеш кабарлар