Катар Түркиянын "Зейтин далы" операциясын колдойт

Катардын коргонуу иштери боюнча жооптуу мамлекеттик министри Халид Бин Мухаммед Ал - Аттиях Түркиянын талабы боло турган болсо керек болгон бардык жардамды беришерин да баса белгиледи.

895976
Катар Түркиянын "Зейтин далы" операциясын колдойт

 

 Катардын коргонуу иштери боюнча жооптуу мамлекеттик министри Халид Бин Мухаммед Ал  -  Аттиях улуттук коргоо министри Нуреттин Жаниклиге телефон чалып Афринге жасалган «Зейтин далы» кыймылында Түркияны акырына чейин колдошорун айтты.

Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка ылайык сүйлөшүүдө Ал – Аттиях Түркиянын талабы боло турган болсо керек болгон бардык жардамды беришерин да баса белгиледи.

Улуттук коргоо министри Жаникли болсо кесиптешине Түркиянын улуттук коопсуздугун ишеним астына алууну максат кылган «Зейтин далы» кыймылынын негиздери тууралуу маалымат берди. Жаникли колдоосунан улам Катар өкмөтүнө рахмат айтты.



Тектеш кабарлар