Түркиянын чек арасында чагымчылык кылган үч-беш тексизди тим койбойбуз

Президент Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылында шейит болгон Муса Өзалкан үчүн борбор шаар Анкарада уюштурулган жаназа зыйнатында сөз сүйлөдү.

895285
Түркиянын чек арасында чагымчылык кылган үч-беш тексизди тим койбойбуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын чек арасында чагымчылык кылган үч-беш тексизди тим койбой тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылында шейит болгон Муса Өзалкан үчүн борбор шаар Анкарада уюштурулган жаназа зыйнатында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, бул жердеги сөзүндө Түрк аскеринин карда кышта террористтерге каршы чоң күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, «Бул операцияны (Зайтун бутагы кыймылы) улутубуз Эркин Сирия армиясы менен бирге жеңишке жетишкенин көрөбүз. Чечкиндүүбүз, умтулуудабыз. Булар эмне деди экен, тигилер эмне деди экен, дүйнөдө бул өлкө кандай карады, тигил өлкө кандай карады дебейбиз. Аны карап олтургудай абалыбыз жок. Бул темадагы чечим улутбуздун чечими. Бул улут өз киндигин өзү кесет жана бизди чек араларыбызда коркуткан үч-беш канкор, тексизди чек араларда тим койбойбуз»,-деп айтты.

Эрдоган шейиттин Телаферде бир мектепке ысымы коюлушу тууралуу керээзинин орундала турганын айтты.



Тектеш кабарлар