Президент Эрдогандын Твиттердеги билдирүүсү

Бул аймак террористтерден тазаланганга дейре операциялар уланат.

894854
Президент Эрдогандын Твиттердеги билдирүүсү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Твиттер баракчасынан «Зайтун бутагы» кыймылына байланыштуу бөлүшүүсүндө: «Бул аймак Түркия үчүн террордук коркунуч болуудан чыкканга дейре операцияларыбыз уланат»,-деп айтты.

Президент Эрдоган бөлүшүүсүндө, Сириянын түндүгүнөн Түркияга карай бир канча жылдан бери уланган кол салууларга жооп кайтарылып жатканын белгилеп, бул темадагы чечкиндүүлүктүн ошол жерде экенин жана артка кадам таштабай тургандарын баса белгиледи.

«Түркия эч кимдин бир карыш жерине көз артпайт» деген Эрдоган буларды айтты: «Бул операциялардагы негизги максатыбыз, улуттук коопсуздугубуздун жанында Сириянын жеринин бүтүндүгү менен Сирия элинин жан жана мүлк коопсуздугун да камсыздоо. Идлибде жана Афринде да тынчтык жана коопсуздук камсыздалганда, жүз миңдеген сириялык тууганыбыз өз өлкөсүндө, өз үйүндө жашай алышат. Бул аймак Түркия үчүн террордук коркунуч болуудан чыкканга дейре, адамдар тынчтык ичинде жашай ала турган жерге айланга чейин операцияларыбыз уланат. Түркия бул темада эч кимден урусат алууга мажбур эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар