Премьер - министрдин Африн тууралуу маалыматы

Премьер  - министр Йылдырым Анкарада «Мамлекеттик мактоо» медалы жана Бераты Тевжих аземинде сөз сүйлөдү.

895465
Премьер  - министрдин Африн тууралуу маалыматы

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Сириянын Африн аймагындагы террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зейтин далы» кыймылына байланыштуу  билдирүүсүндө террористтерге кайрылып империалист күчтөрдүн оюнуна кирбестен куралдарын таштоого чакырды. Премьер  - министр Йылдырым Анкарада «Мамлекеттик мактоо» медалы жана Бераты Тевжих аземинде сөз сүйлөдү.  

Өкмөт катары өлкөдө жана аймакта жашап жаткан ар бир жарандын коопсуздугун негиз кылып алышкандарын баса белгилеген Йылдырым террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зейтин далы» кыймылына кара пропаганда менен кара көө сүйкөөнү каалагандарга социалдык медиада жалган маалымат таркаткандарга эч качан уруксат беришпей тургандарын айтты.

«Дообуз тынчтык жана бир туугандык доосу»,- деген Йылдырым Түркиянын террордук уюмдар менен күрөшүн үзгүлтүксүз улантарын айтты.

Сириянын түндүгүндө Түркияга жакын аймактарда кээ бир тузактарды  пландагандыгын жана террордук коридорду түзүү каалангандыгын баса белгилеген Йылдырым Түркиянын ДАИШке Евфрат калканы кыймылы менен сокку ургандыгын, бирок  союздаш жана дос өлкөлөрдүн Сириянын түндүгүндө 30 миң кишилик бир террор армиясын куруу кыялына кабылгандарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар